Menu

Садыр Жапаров, премьер-министр: “Президенттин милдетин аткаруу кызматы да мага өттү”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-октябрда Бишкектеги Эски аянтта премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулушту.

Митингчилерге Садыр Жапаров келип, ал азыр Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу кызматы ага өткөндүгүн билдирди.

“Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр деген эки кызмат тең мага өттү”, – деди ал.

Анын айтымында, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. ЖКнын Төрагасы Канатбек Исаев да президенттин милдетин аткаруучу кызматынан баш тартты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: