Menu

Фото – ИИМ КМК: Региондордо аккумуляторлорду уурдап жүрүшкөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Бөлүшүү:

Региондордо аккумуляторлорду уурдап жүрүшкөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын сентябрь айында милицияга Нарын районунун жашоочусу кайрылып, үйдүн жанында токтоп турган “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын аккумуляторун белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдирген.

Аталган факты КЖБРге катталып, КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Аталган кылмыш ишинин бетин ачууга КР ИИМдин КМКнын мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери менен Нарын ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери киришкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишине окшош фактылар башка региондордо дагы катталгандыктан, муну бир эле кылмыштуу топ жасап жатышы мүмкүн деген божомолдор болгон.

Кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тыкыр иликтөөсүнүн натыйжасында мүлктөрдү уурдоого байланышкан 30 ашык кылмыш ишинин бети ачылган.

Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарында укукка каршы аракеттерди жасап жүргөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.

Жакында ИИМдин жана Нарын ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын кызматкерлери аккумуляторлоду уурдоо менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча операцияны жүргүзүшкөн.

Ушул жылдын 2-октябрь күнү Бишкек шаарынын аймагынан бир катар кылмыштарды жасоого шектелип, Манас районунун жашоочусу 1999-жылы туулган И.А., Кара-Буура районунда жашап жүргөн 1998-жылы туулган С.Б. кармалган.

Шектүүлөр башкарып бара жаткан “Ауди” үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен 8 аккумулятор табылып, бир күн мурда Талас облусунун аймагынан оор жүк ташуучу унаалардан уурдалгандыгы маалым болгон.

Шектүүлөрдү кармоо учурунда үчүнчү кылмышкер изин жашырып качып кетүүгө үлгүргөн. Ал кийинчерээк Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан кармалган. Ал Кара-Буура районунун жашоочусу 1998-жылы туулган К.А. экени белгилүү болгон.

Мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө кармалган жарандардын оор жүк ташуучу унаалардын аккумуляторлорун уурдоо боюнча 31 фактыга тиешеси бардыгы аныкталган.

Алсак, шектүүлөрдүн Нарын облусундагы 12 фактыга, Чүй облусундагы 9 фактыга, Талас облусундагы 7 фактыга, Ысык-Көл облусундагы 3 фактыга тиешеси бар.

Далил катары шаардын четиндеги базарлардын биринен 7 аккумулятор табылып алынган. Шектүүлөр уурдалган аккумуляторларды базарлардасатып жүрүшкөндүгү белгилүү болгон.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланып, кармалган жарандардын башка кылмыштарга катыштыгы бардыгы текшерилүүдө.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: