КР Президенти Сооронбай Жээнбеков генералдык наамды КР ички иштер министринин орун басарлары А. Орозалиевге жана М. Каниметовго ыйгарды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 14-октябрь күнү Ички иштер министринин кызматкерлерине жогорку атайын наамды ыйгаруу жөнүндө Жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, милициянын генерал-майору наамы Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басарлары А. Орозалиевге жана М. Каниметовго ыйгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ