Menu

Өмүрбек Текебаев: “Мамлекет башчысынын милдетин аткарган премьер-министр президенттик шайлоого катыша албайт”

Бөлүшүү:

“Алдыдагы шайлоолорду өткөрүүнүн алдында шайлоо босогосун 7%дан 3%га түшүрүп, шайлоо күрөөсүн азайтыш керек, бул жаңы, жаш, карапайым саясий күчтөрдүн парламентке келишине жол ачат”, – деп билдирди бүгүн, 16-октябрда депутат Өмүрбек Текебаев ЖКнын кезексиз жыйынында.

Ал бүгүнкү күндө президент да, парламент да жана туруктуу өкмөт жок экенин айтып, парламенттик жана президенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштады. Ал мыйзам шайлоону бириктирүүгө жол бере турганын жана бул ыкма бюджетти үнөмдөп, саясий стабилдүүлүктүн тез калыптанышына жетишет элек деп билдирди.

Ал ошондой эле президенттин милдетин аткарган премьер-министр алдыдагы шайлоого катыша албай тургандыгын белгилеп, премьер-министрдин жакын чөйрөсүнө шайлоого катышпоону сунуштады.

“Премьер-министр өзүнүн жогорку кызматынан пайдаланбоо үчүн президенттик шайлоого катыша албайт. Эгер премьер-министрдин жакын досу президенттик шайлоого катышса, эл шайлоонун адилеттүү болгонуна эл ишенеби? Ошондуктан, Садыр Нургожоевич, сиздин жакын чөйрөңүз президенттик шайлоого катышпаса алдыга койгон максаттарга жеткенге Кыргызстанга жакшы шарт түзүлөт эле” – деди Текебаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: