Menu

Тазабек Икрамов коррупционерлер жана анын балдары мамлекеттик кызматта иштебеши керек деген демилгесин кайрадан көтөрдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциядагы ЖКнын кезексиз жыйынында депутат Тазабек Икрамов президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго өзүнүн депутаттардын жакындарын кызмат ордуна койбоо демилгесин эскертти.

“Бул тополоңдор эмне үчүн болду? Коррупционерлердин айынан. Мен 2018-жылдан баштап коррупционерлер жана анын балдары мамлекеттик жумушка алынбасын деген демилгени көтөрүп келем. Бирок, бул демилге парламенттен эч качан колдоо тапкан эмес. Урматтуу Садыр мырза, ушул маселени да карап койсоңуз. Коррупционерлер кайра-кайра жумушка орношуп жаткандыктан, парламентке аттангандыктан эл нааразы болуп, тополоң болду. Ошондуктан, элибизде ар дайым аманчылык, тыччылык болсун” – деди Тазабек Икрамов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: