«Жарандык коом менен массалык маалымат каражаттарынын ушул күндөрдөгү аракеттери Кыргызстан – укуктук өлкө экендигин далилдөөгө багытталды», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен тапшырып жаткандыгын расмий жарыялап жатып. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын жарандык позициясы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
«Опурталдуу күндөрү коомдук тартипти сактаган элдик дружиналар – чыныгы каармандарыбыз болуп калды.
Алар Бишкек шаарынын тургундарынын терең сый-урматына татыктуу», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Учурдан пайдаланып, ал Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаган өнөктөштөрдүн, анын ичинде Россия Федерациясынын, Казакстандын, Америка Кошмо Штаттарынын, Великобританиянын, Бириккен улуттар уюмунун, Евробиримдиктин жана ТүркПАнын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ