Menu

Сооронбай Жээнбеков колдоо көрсөткөндүгү үчүн кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди

Бөлүшүү:

«Үч жылдык ишимде мага ишеним көрсөтүп келген мекендештериме, чогуу иштешкен бардык бийлик бутактарына, мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга, өзүмдүн аппаратыма, жарандык коомго жана медиа тармагына терең ыраазылыгымды билдирем», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен тапшырып жаткандыгын расмий жарыялап жатып.

Сооронбай Жээнбеков президенттик ишинде кемчиликтер болгонун белгилеп, ал үчүн мекендештерден кечирим сурады.

Ошондой эле ар бир кыргызстандыкка бекем ден соолук жана бакыт-таалай каалады.

«Ар бир үйдө жакшылыктар көп болсун. „Эки тизгин, бир чылбырды колго алып жаткан“ жаңы бийликтин ишине ийгиликтерди каалайм. Баарыбыздын тагдырыбыз жалгыз гана Кудайдын амиринде. Мээримдүү, ырайымдуу Жараткан Кудайым Өзү колдоп, элибизде  аманчылык, жергебизде тынчтык болсун! Аман болуңуздар, урматтуу мекендештерим!» — деп баса белгиледи  Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: