Menu

Видео – Өмүрбек Текебаевдин дарегине жапаровчулар тарабынан коркутуулар башталды

Бөлүшүү:

“Текебаев, оң кулагың менен сол кулагың менен, оң мүйүзүң менен сол мүйүзүң менен угуп ал, Кыргызстандын тарыхын эми кыргыз эли чечет… Сени эми келип алып “бул президент болот, бул болбойт” деп жатасын. Садыр Жапаровду эл алып келип койдубу? Президент ошол болот!”, – деп жапаровчулар Текебаевдин дарегине аудио кайрылуу жөнөтүшкөн.

“Сен кимсин? Отуз жылдан бери жеп-ичип жүргөн текесин сен! Өзүң жазган мыйзамыңды туалетке алып бар… Анан ошондон ары жоголуп кетчи! Ушунча эле дагы бир жолу көтөрүлүп барчу болсо точно сенин мүйүзүң сынат! Теке, өз сыйың менен жоголуп кет! Эл сенден тажады. 30 жылдан бери жеп-ичип бүттүң. Кыргыздын канын ичкен сенсин! Сенин мыйзамың менен биз ушундай абалга келдик.  Сен жок элең го, кайдан келдиң? Түлкүдөй унчукпай жаттың эле эл митинг кылып жатканда үйүңдө. Эми чыга калып акылдуу болосун… Президент Садыр Жапаров болот! Буга эч ким тоскоолдук кыла албайт… Текебаев жоголуп кетпесе, Текенин мүйүзүн сындырганы дагы барабыз”, – деп аяктаган коркутуулар.

Эсиңиздерге сала кетсек, депутат Өмүрбек Текебаев 16-октябрда парламенттин жыйынында “Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткандыгына байланыштуу президенттик шайлоого катыша албайт” деп билдирген болчу.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: