Соттун чечимдери бар экендигин, алар күчүнө киргендигин эске алуу керек. Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү мүмкүнбү деген суроого Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ушундайча жооп берди.
«Кандай негизде чыккандыгын караш керек. Мыйзамга ылайык, отурум, процесс болуш керек. Ушул негизде гана соттун чечими болушу керек», – деди Жамшитов.
Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаев бошотулган иш боюнча, Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды.
Аскер прокуратурасы адвокат Замир Жоошевдин Атамбаевдин баш коргоо чарасын үй камагына чыгаруу өтүнүчүн карап жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ