Menu

Фото – Жайыл районундагы мечиттер кышка даярдыктарын көрүп, бир катар оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Бөлүшүү:

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун мечиттери кышка даярдыктарын көрүп, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу 17-октябрда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул иш-чара КМДБ жана облустук казыяттын буйруктарынын негизинде ишке ашып жатат.

Жайыл районунун хатибиятынан келген маалыматка ылайык, учурда Алексеевка айылындагы «Мадина» мечити, Жон-Арык айылындагы «Умар» мечити жана Калинин айылындагы «Ислам» мечиттеринин айланасы тосмолор менен тосулууда.

“Бул иш-чаралар жергиликтүү жааматтын колдоосу менен жүрүп жатат. Каражаттарын да, кол-кабыш кылып кызматын да жергиликтүү эл өздөрү колго алышууда. Бул да болсо элибиздин биримдиги мыкты экенинен кабар берет. Оңдоп-түзөө менен биргеликте кышка даярдык көрүү иштери да жүрүүдө. Каражатын мечиттеги жаамат өзүбүз эле колдон келишинче чогултуп жатабыз. Мындай кылып тосуп койбосок айыл жергеси болгондон кийин, мал кирип мечитин тегерегин булгап коет экен. Эми мечиттин айланасы тосулгандан кийин, алма, арча, гүл жана башка көчөттөр менен жашылдандыруу ишин пландап койдук”, – деп билдиришкен айыл имамдары.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: