Menu

Бир жумада сутка ичинде COVID-19 жуктургандардын көрсөткүчү дээрлик эки эсеге көбөйдү

Бөлүшүү:

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 18-октябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен үч адам каза болду. Ош, Нарын облустарында бирден киши, дагы бири Бишкекте.

Коронавирус акыркы суткада дагы 554 кишиден жаңы аныкталып, мурда ооругандардын 227си айыкты.

Акыркы күндөрү өлкөдө коронавирус жуктургандар кескин көбөйүүдө. Өткөн дүйшөмбүдөн бери сутка ичинде COVID-19 жуктургандардын көрсөткүчү дээрлик эки эсеге өстү – 12-октябрда вирус 298 кишиден аныкталган.

Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 52 044 адамды түздү. Анын 1111и жашоо менен кош айтышып, 45 736сы сакайды.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2 489 бейтап стационарда, 2 232 киши үй шартында дарыланып жатат.

2019-жылдын декабрында Кытайдын Ухань аймагынан тараган коронавирус 188 мамлекетке жайылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: