Бишкекте 3 адам бейбаштыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу кечээ, 18-октябрда патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-октябрда түнкү саат экилерде Бишкекте “Манас” проспектисинде үч жигит жергиликтүү тургунду себепсиз сабап, андан соң тапанчадан ок чыгарышкан. Окуя тууралуу укук коргоо органдарына кабар берилип, Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жерине барышкан.
Патрулдук милиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү кармашты. Алар 1993-жылы туулган И.Ж., 1989-жылы туулган Ч.Ч. жана 1995-жылы туулган К.А. Алар Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген, ошондой эле кармалгандардан газ-травматикалык тапанча алынган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (“Бейбаштык”) менен катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ