“Кыргызстан социал-демократтар” саясий партиясы мүчөлөрү жана тарапташтары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу саясий партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Сеид Атамбаев билдирди.
Анын айтымында, партия Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого кайрадан катышат деген чечим кабыл алынган.
Сеид Атамбаев ошондой эле тарапташтар Алмазбек Атамбаевдин алдыдагы президенттик шайлоодогу ролуна кызыкдар экендигин айтты. Аларга, Кыргызстандын Конституциясына ылайык, бир эле адам бир жолудан ашык эмес президенттик кызматты аркалай алаары эскертилди.
Эске салсак, “Кыргызстан социал-демократтар” партиясын мурунку мамлекет башчынын тарапташтары жана балдары түзүшкөн. Партия 2020-жылдагы шайлоодо утулуп калган.
4-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоосу БШКнын чечими менен жараксыз деп табылды. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоого каршы Бишкекте массалык митингдер өттү. Натыйжада, өлкөдө бийлик алмашты. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүүгө аргасыз болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ