Menu

Адилет Султаналиев: “Биримдик” партиясынын ишмердүүлүгүн токтотууга негиз жок”

Бөлүшүү:

“Биримдик” партиясынын ишмердүүлүгүн токтотууга негиз жок. Бул тууралуу партиянын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Ал белгилегендей, партиянын ишмердүүлүгү саясий партиялар жөнүндөгү мыйзам менен жөнгө салынат, анда партиялардын ишин токтотуу тартиби так жөнгө салынат.

“Ошентип, 15-беренеде саясий партия мыйзам тарабынан тыюу салынган аракеттерди жасаган учурда соттун чечими менен таркатылат деп белгиленген. “Биримдик” партиясынын ишин токтотууга эч кандай негиз болгон эмес.
“Реформа” партиясынын арызы боюнча, эч кандай далилдер жана негиздер жок болсо, биз аны чагымчылдык жана “Биримдик” партиясынын имиджине кол салуу аракети катары гана карайбыз деп баса белгилеп кетмекчибиз.

Ошондой эле, “Реформа” партиясынын мүчөлөрү кайрылган КР Юстиция министрлиги  партиялардын ишин токтототконго укугу жок экендигин белгилейбиз – бул сот тутумунун өзгөчө ыйгарым укугу. Бирок, бүгүнкү күндө сотко кайрылууга негиз жок “, – деди партиянын басма сөз катчысы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: