Menu

Кыргызстанда кармалган өзбекстандык журналистке өзбек президенти 3 бөлмөлүү батир белек кылды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев журналист Бобомурод Абдуллаевге Ташкенттеги Green Park турак жай комплексинен үч бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу журналист өзү 18-октябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, батирде керектүү нерселердин бардыгы, анын ичинде тиричилик техникалары менен жабдылган. Ал 5-октябрда жаңы турак жайга көчүп келген. Ага Хорезмден апасы дагы келген.

8-августта Бобомурод Абдуллаев өзбек тараптын өтүнүчү менен Бишкекте кармалган. (Өзбекстандын Башкы прокуратурасы ал кандай айып менен кармалгандыгын так айткан эмес). 22-августта ал Өзбекстанга экстрадицияланып, ошол эле күнү жүрүм-турум эрежелерин бузбоо тилкатынын негизинде бошотулган.

Бобомурод Абдуллаев жана анын апасы белекке абдан кубанып, президентке ыраазычылыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, 2017-жылы Бобомурод Абдуллаев жана дагы үч адам Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн бузган деген айып менен кармалган. 2018-жылы май айында сот Бобомурод Абдуллаевди кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп таап, аны бир жарым жылга кара жумушка кесип, маянасынан 20% кармап калуу шарты менен сот залынан бошотту. Иштин калган катышуучулары акталып чыгышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: