Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирустун алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, район аймагында соода түйүндөрү, коомдук тамактануучу жайлар текшерилип, санитардык нормаларды сактабаган жактарга эскертүү берилүүдө.
Ошондой эле, жугуштуу илдеттин жайылуусун болтурбоо үчүн ар бир сатуучу тиешелүү талаптарды так аткаруусу керектиги айтылууда.
Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарды ооруну жуктуруудан алыс болууга үндөп жатышат.
Медициналык каражаттарды ар дайым колдонуу менен илдеттин алдын алууга болоору эскертилип, азыркы кырдаалга кайдыгер карабоого чакырышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ