Menu

Видео – Каракчылыкка шектелген 26 жаштагы жигит милиция тарабынан кармалгандан кийин каза болгон. Ишти УКМК өз көзөмөлүнө алды

Бөлүшүү:

Социалдык тармактарда Ош облусунда 1994-жылы туулган жигит милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандан кийин каза болду деген видео таркап жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, укук коргоо кызматкерлери 26 жаштагы каракчылыкка шектүү жаранды катуу сабап, анын өлүмүнө себеп болгон.

Ош ОИИББнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 21 жаштагы жергиликтүү тургун укук коргоо органдарына кайрылып, 5-октябрда эки жаран ага акча алмаштыруу боюнча операция жүргүзүү сунушу менен кайрылгандыгын айткан. Алар Кара-Суу раонунан жолугушкан.

Жабырлануучу өзүнүн унаасы менен келген. Салондо анын 4 миллион 200 миң сому болгон. Жолугушуу учурунда 25-30 жаштагы белгисиз адамдар ага тапанча такап, акчанын бардыгын (4 миллион 230 миң сом) бербесе өлтүрүп салабыз деп коркутушкан. Андан кийин шектүүлөр аны орус номерлери бар Daewoo Nexia автоунаасына отургузуп, Пржевальский көчөсүнө алып барышып, таштап кетишкен.

Жабырлануучу арыз менен милицияга кайрылган. Материал КЖБРге “Мүлктү ири өлчөмдө тартып алуу максатында жасалган тоноо” беренеси боюнча катталган. Сотко чейинки процесстер башталды.

Тергөө учурунда Он-Адыр кичи районунун 27 жаштагы тургуну суракка алынып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Андан кийин дагы бир шектүү – буга чейин каракчылык кылгандыгы үчүн сот жообуна тартылган Ноокат районунун 1994-жылы туулган тургуну К.уулу М.  экени аныкталган. Анын Кызыл-Кыя шаарында экендиги тууралуу маалымат келип, ал жерден аны укук коргоо кызматкерлери кармап кетишкен. Шектүү укук коргоо кызматкерлерине каршылык көрсөтүүгө аракет кылган. Андан травматикалык тапанча жана гильзалар табылган. Шектүү Ош ОИИББна жеткирилген, ал ошол жерде эс-учун жоготкон. Ал ооруканага жеткирилген, бирок эсине келбей көз жумган.

Учурда бул ишти УКМК өз көзөмөлүнө алды. “Эгерде экспертиза жигиттин ур-токмоктон каза болгонун көрсөткөн болсо, анда милиция кызматкерлери мыйзамдын чегинде жооп беришет. Алар өзүлөрү шектүүнү сабаган жокпуз деп жатышат. Шектүүнүн жүрөгү алсыз болчу. Эксперттин корутундусун күтүп жатабыз”, – деп айтылат маалыматта.

https://www.instagram.com/p/CGeQw6-DDyM/

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: