Menu

УКМК ККК: Бажы органдарындагы коррупция фактыларына катыштыгы бар адамдар аныкталды

Бөлүшүү:

Учурда КР УКМК тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын төраганын мурунку орун басары Р.Матраимов жана башка кызматтык адамдар тарабынан түзүлгөн коррупция фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Тергөө органдары тарабынан Р.Матраимовдун жакын айланасына кирген жана жогоруда айтылган коррупциялык схемага тиешеси бар 40ка жакын адам аныкталган.

Азыркы тапта алардын жүргөн жери аныкталды. Ошол эле учурда алардын коррупциялык схемага канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендигин тактоо боюнча активдүү иш аракеттер жүрүп жатат.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгүн текшерип, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу багытындагы тиешелүү ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: