Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров мыйзамдарга өзгөртүү киргизилсе, президенттик шайлоого катышууга даяр экендигин билдирди, деп маалымдайт РИА Новости.
Учурдагы Конституцияга ылайык, президенттин милдетин аткаруучу президенттик шайлоого катыша албайт.
“Учурда парламент ЖКга жана президентке шайлоо боюнча мыйзамдарга түзөтүүлөрдү даярдап жатат. Эгерде мыйзамдагы ушул өзгөртүүлөрдүн натыйжасында шайлоого катышууга уруксат берилсе, мен барам”, – деди ал “Россия 24” телеканалына берген маегинде.
Жапаровдун айтымында, бул тууралуу айтуу эрте, бул маселе боюнча чечим кабыл алына элек.
Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кеткен. Ал эми парламенттин төрагасы болуп шайланган Канат Исаев президенттин милдетин аткаруучудан баш тарткан. Ошентип премьер-министр болуп шайланган Садыр Жапаровго президенттин милдетин аткаруучу кызматы өттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ