Menu

Өзбекстанда жарандар коронавирустан өлгөн жакындарынын сөөгүн алып кетүү үчүн кезекте турушат

Бөлүшүү:

Ташкент облусунун Зангиата районунда жарандар коронавируска кабылган бейтаптарды дарылаган ооруканадан жакындарынын сөөгүн алып кетүү үчүн бир нече күн кезекте турууга аргасыз болуп жатышат.

Бул тууралуу 18-октябрда жергиликтүү басылмалар социалдык түйүндөргө жарыяланган видеотасмага таянып билдиришти.

Видеодо жарандар оорукана жетекчилигинен «сөөктөрдү жууган кызматкерлерди көбөйтүүнү» талап кылып, мекеме өкүлү аларда «мындай мүмкүнчүлүк жок экенин» айтып жатканын көрүүгө болот.

Азырынча Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги же башка расмий органдары бул видео боюнча комментарий бере элек.

18-октябрда саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Абдухаким Хажибаев аталган ооруканага барганда жазылган делген аудиожазуу тараган. Анда министрдин орун басары: «Күн сайын кычкылтек басымынын төмөндөшүнөн бир нече киши өлүп жатат. Дарыгерлерди түрмөгө камаш керек. Мен өзүм отургузам. Зангиатадан баштайбыз», — деген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: