Menu

Фото – Чат-Базар айылында жайгашкан Талас районунун аймактык ооруканасы коронавирус инфекциясынын болжолдонгон экинчи толкунуна даярдыктарды көрүүдө

Бөлүшүү:
Чат-Базар айылында жайгашкан Талас районунун аймактык ооруканасы коронавирус инфекциясынын болжолдонгон экинчи толкунуна даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Оорукананын директорунун милдетин аткаруучу Гулбара Куттубаеванын айтымында, оорукананын 2019-жылы курулган инфекциялык бөлүмүнө COVID-19 илдетин жуктуруп алган бейтаптарды кабыл алуу үчүн 15 орундук даярдалып, керектүү медициналык жабдыктар менен камсыздалган.
“Октябрь айынын башынан бери жугуштуу оорулар бөлүмүндө 8 бейтап коронавирус илдетинен дарыланууда, алардын үчөө оор, төртөө орточо оор абалда. Бүгүнкү күндө коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө медикаменттердин жана жеке коргонуу каражаттарынын 1,5-2 айлык запасы бар. Андан тышкары, жакында эле 500 миң сомго тендер жарыяланды. Ушул тапта «кызыл зонада» 5 медициналык кызматкер өз милдеттерин аткарышууда”, – деп билдирди Гулбара Куттубаева.
Дарыгер өз сөзүндө бардык жарандарды илдетти алдын алып, беткап тагынууга, колдун тазалыгын сактоого жана эл көп топтолгон жайлардан алыс болууга чакырды.
Ооруканада 47 кислороддук концентраторлор, 31 пульсоксиметр жана өпкөнү жасалма желдетүүчү 1 аппарат бар.
 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: