Menu

Жогорку сот Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду актады

Бөлүшүү:

Жогорку сот Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду толугу менен актады. Бул тууралуу маалыматты Жогорку сот журналисттерге тактады.

16-октябрда сот 2012-жылы бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен козголгон кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан карап чыккан.

Садыр Жапаров кылмыш курамынын жоктугу үчүн акталды. Аны менен кошо депутат Талант Мамытов жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев акталып чыгышканы айтылат.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев бийликти күч менен басып алууга аракет кылгандыгы үчүн соттолгон. Кийинчерээк Мамытов менен Ташиев соттуулугун жоюшкан. Бишкектеги 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү митингдерден кийин Садыр Жапаров түрмөдөн бошотулду. Андан кийин премьер-министр болуп, президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенден кийин президенттин милдетин аткаруучу болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: