Menu

Кыргызстандын кайсы президенттери эң көп карыз алышкан?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты жана “Аялдар Кеңеши” коомдук бирикмесинин төрайымы Айнуру Алтыбаева тышкы карызды төлөө үчүн каражат чогултуу боюнча жалпы улуттук өнөктүктү баштоону сунуштады.

Буга байланыштуу Kaktus.media басылмасы Кыргызстандын тышкы карызы 1992-жылдан 2020-жылга чейин ар бир президенттин тушунда кандайча өскөндүгүн эскерип, ошондой эле республиканын өнүгүүсүнүн ар кайсы мезгилдеринде негизги кредиторлор катары кимдер иш алып баргандыгын аныктады.

Кредиттик тарых

Аскар Акаев президент болуп турганда Кыргызстандын тышкы карызы 1,9 миллиард долларга көбөйсө, Алмазбек Атамбаевдин тушунда 1 миллиард долларга, Курманбек Бакиевдин учурунда тышкы карыз 0,9 миллиард долларга көбөйгөн. Сооронбай Жээнбековдун тушунда 2020-жылдын июнь айына карата республиканын тышкы карызы 4,11 миллиард долларды түздү. 2017-жылдын аягында Жээнбеков жаңы гана мамлекет башчылыкка келгенден кийин тышкы карыз 4,09 миллиард долларды түзчү.

Орточо алганда, Кыргызстандын тышкы карызы жыл сайын 142 миллион долларга өсүүдө.

Аскар Акаевдин тушунда Кыргызстандын негизги кредиторлору Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы (Дүйнөлүк Банк тобу) – 558,3 миллион доллар, Азия өнүктүрүү банкы (466,9 миллион доллар), Япониянын эл аралык кызматташтык банкы (225,2 миллион доллар), Эл аралык валюта фонду (205,6 доллар) жана Россия (186 миллион доллар) болгон.

Курманбек Бакиевдин убагында Россия Кыргызстандын негизги кредитору болуп калган. 2006-2010-жылдар аралыгында Россия республикага 300 миллион доллар насыя берген.Насыялар боюнча экинчи орунда Кытайдын экспорттук-импорттук банкы турат – 137 миллион доллар, үчүнчүсү – Япониянын эл аралык кызматташтык банкы (116,2 доллар).

Роза Отунбаеванын кыска мезгилинде Кытай Кыргызстандын башкы кредитору болуп калган. 2011-жылы Кытайдын экспорттук-импорттук банкы республикага 112,7 млн ​​долларга насыя берген.

Алмазбек Атамбаевдин учурунда Кыргызстанга берилген насыянын 80% Кытай тарабынан берилген. 2012-жылдан 2017-жылга чейин Кытайдын экспорттук-импорттук банкы республикага 1,44 млрд доллар бөлгөн, бул мезгилде Түркия 97 млн ​​доллар, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы 35,5 млн доллар бөлгөн.

Сооронбай Жээнбеков бийликте турганда 2018-жылдан 2020-жылдын июнь айына чейин (Финансы министрлигинин сайтында ушул жылдын акыркы маалыматтары жок), Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 172,8 миллион доллар өлчөмүндө насыя бөлгөн, андан кийинки орунда Кытайдын экспорттук-импорттук банкы – 67 миллион доллар жана Европа инвестициялык банкы – 33,6 млн бөлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: