Menu

Видео – Чикагодогу Trump Tower асман тиреген имаратында асылган кыргызстандыктын өздүгү аныкталды

Бөлүшүү:

Чикагодо полиция кызматкерлери Trump Tower асман тиреген имараттын 16-кабатында трос менен карманып, АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүнү талап кылган кыргызстандыкты кармады. Бул тууралуу Chicago Sun Times полицияга шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Кыргызстандык Трамп менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү берилбесе, тросту кесип, өзүн өлтүрөм деп коркуткан. Сүйлөшүүчүлөрдүн жардамы менен кырдаал тынчтык жолу менен чечилди.

“Баарыңыздарга салам. Мен Black Lives Matter кыймылынын мүчөсүмүн жана шайлоонун алдында Трамп мырза менен сүйлөшкүм келет. Өлгүм келбейт. Эгерде кимдир бирөө тросту  тартып алгысы келсе, мен секирип өлүп калам”, – деген кыргыз жараны видеокайрылуусунда.

Социалдык тармактын колдонуучулары анын ким экендигин аныкташты, ал 31 жаштагы Эдил Алиев болуп чыкты(бирок ал социалдык тармактарда өзүнүн профилин Эддил Элиев деп көрсөтөт). Ал Балыкчыдан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: