Menu

Кылмышка шектүүнүн өлүмүнө жол берген 5 милиция кызматкери ээлеген кызматтарынан алынды

Бөлүшүү:

15-октябрь күнү коомдо резонанс жараткан ѳзгѳчѳ оор кылмыштын бетин ачуу максатында Ош ОИИБдин Тергөө кызматы Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлерине берген тергөө тапшырмасынын негизинде Ош ОИИБдин КМКнын мүлктүк кылмыштардын жана жашы жете электердин арасындагы кылмыштардын бетин ачуу бѳлүмчѳсүнүн начальниги, милициянын подполковниги Э.У, КМКнын улук ыйгарым укуктуу оперкызматкери милициянын майору Ш.С, ыйгарым укуктуу оперкызматкери милициянын капитаны А.Ш, ыйгарым укуктуу оперкызматкери милициянын капитаны О.А жана А.Султанов атындагы Кара-Суу РИИБдин Кызыл-Кыштак АМБнын ыйгарым укуктуу оперкызматкери милициянын капитаны С. Д тарабынан жүргүзүлгѳн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндѳ жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары, өзгөчө оор кылмышты жасашкан атуулдардын шериги Ноокат районунун Муркут айылынын тургуну 08.01.1994-ж.т. К. уулу М. экендиги аныкталган.

15-октябрда болжол менен 20:50 чамасында аны Ош ОИИБдин Тергөө кызматына камсыз кылуу максатында алып келүү үчүн Кызыл-Кыя шаарына барып жогорудагы жаранды кармоо учурунда ал милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен, куралдуу каршылык көрсөткөнгө аракет жасаган жана анын жанынан “Форт-12РМ” үлгүсүндөгү ок атуучу курал 4 огу менен алынган.

Андан соң шектүү К. уулу Мны Ош ОИИБдин 2-имаратындагы жайгашкан кызматтык кабинетине алып келгенден кийин белгисиз себептер менен ал эс учун жоготуп, милиция кызматкерлери Ош шаардык тез жардам кызматына жеткирген учурда өзүнө келбей каза болгон.

Аталган жагдай боюнча КРдин Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгѳн кызматтык иликтѳѳнүн жыйынтыгында жогоруда аты аталган кызматкерлер ѳздѳрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга кѳӊүл кош, салкын мамиле жасашып, тергѳѳчүнүн атайын тапшырмасынын негизинде ачылган сотко чейинки өндүрүштөгү жазык иши боюнча шектүү катарында кармап келишкен К. уулу Мны Ош ОИИБдин 2-имаратына алып келээрге чейин аны медициналык мекемелерден кароодон ѳткѳрбѳстѳн жана ал жаранды алып келгендиги тууралуу атуулдарды каттоо журналына каттабастан, ошол эле учурда Ош ОИИБдин жетекчилигине билдиришпестен, К. уулу М. ѳзүн жоготкон учурда ага жеткиликтүү медициналык жардам кѳрсѳтѳ алышпастан, жыйынтыгында К. уулу М. Ош шаардык тез жардам борборунда каза болушуна жол беришкен.

Мындай аракеттери менен коомчулукта жалпы ИИОнун кызматкерлеринин дарегине негиздүү сын-пикирлердин жаралышына шарт түзүшүп, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын 3-февралдагы № 52 сандуу токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын 1-бапынын 2-б., 5-б. а), б), в) тарамдарынын жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2020-жылдын 15-майдагы № 334 сандуу буйргунун 19-б.3-тарамынын талаптарын бузгандыктары аныкталгандыктан жогоруда аты аталган кызматкерлер – жалпы 5 кызматкер ээлеген кызматынан тѳмѳндѳтүү менен бошотулду.

Бул кызматкерлердин андан ары Ички иштер органдарынын катарында калуу маселеси Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан тергелип жаткан сотко чейинки ѳндүрүш ишинин жыйынтыгы менен карала турган болду.

Ошондой эле кызматтык иликтѳѳнүн жүрүшүндѳ Ош ОИИБдин КМКнын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыйгарым укуктуу оперкызматкери милициянын подполковниги М.Ж ѳзүнѳ бекитилген функционалдык милдеттер боюнча КМКнын начальнигинин орун басары милициянын подполковниги О.К ден-соолугуна байланыштуу кызматка чыкпай жаткан учурда жетекчи катары КМКнын ѳздүк курамынын ишмердүүлүгүн жеткиликтүү деңгээлде уюштурбастан, кол алдындагыларды тийиштүү деӊгээлде көзөмөлдөбөгөндүгү үчүн “кызматка толук эмес ылайыктыгы жѳнүндѳ эскертүү” тартиптик жазасы жарыяланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: