Menu

Москвадагы көпүрөнүн кулашынан жапа чеккен кыргыздарга компенсация төлөндү

Бөлүшүү:

Москвадагы көпүрөнүн кулашынан жапа чеккен кыргыздарга компенсация төлөнгөндүгүн Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык 27-сентябрда “FM LOGISTIC” ишканасынын кампасында болгон. Кыргызстандын 51 жараны жаракат алышкан, бирок 22 адам медициналык текшерүүдөн кийин үйүнө чыгарылган. 29 адам үч ооруканага жеткирилди, алардын үчөө оор абалда.

Элчиликтин билдиришинче, ошол күнү ишканада 160 кыргызстандык иштеген – 139 адамга компенсация төлөнгөн. Дагы 11 жарандын документтерин карап жатышат.

“29 жабырлануучунун ичинен дээрлик бардыгы айыгып, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Азыр ооруканада бир гана адам жатат”, – деп билдиришти элчиликтен.

Окуядан кийин Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренеси “Эмгекти коргоо талаптарын бузуу, этиятсыздыктын кесепетинен адамдардын ден соолугуна оор зыян келтирүү” беренеси боюнча иш козголгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: