Menu

УКМК: Финполициянын төрагасынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бакытбек Калмуратов пара алууга шектелип кармалды

Бөлүшүү:

КР мамлекеттик органдарында коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары «К.Б.Т.» жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары «Ж.Э.Э.» өзгөчө ири өлчөмдө пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда КР УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга ылайык, аталган кызмат адамдары КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын аткезчилик фактысы боюнча кылмыш ишинин тергөөсүнө байланыштуу маселелерди оң тарапка чечип берүү үчүн жеке ишкерден акча каражатын алышкан.

Топтолгон материалдардын негизинде КР УКМК бакшы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси (пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

2020-жылдын 19-октябрында ыкчам-тергөө иштеринни алкагында «К.Б.Т.» жана «Ж.Э.Э.» КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: