Menu

Казакстанда аэропортто текшерүү күчөтүлдү, бирок кинотеатрлардын ишине уруксат берилди

Бөлүшүү:

Казакстанда кинотеатрлар 26-октябрдан тартып залдагы орундардын 30% толгудай көрүүчүлөрдү кабыл алуу менен ишин баштайт. Киного келгендер аралыкты сактап, беткап тагынууга тийиш.

Мындай чечимди коронавирус менен күрөшүү үчүн түзүлгөн өкмөт аралык комиссия кабыл алды.

Комиссиянын чечимине ылайык, кинотеатрлар эпидемиологиялык жагдай туруктуу “жашыл” аймактарда гана иштей баштайт. Бирок “жашыл аймактарга” кайсы облустар кирери так белгисиз. Комиссиянын жыйынында экрандан жашыл аймакка Нур-Султан, Алматы шаарлары, Мангыстау, Батыш Казакстан, Чыгыш Казакстан жана Атырау облустары кирери көрсөтүлгөн.

Бирок 19-октябрдан тарта Нур-Султан, Алматы шаарлары, Караганды, Жамбыл, Алматы, Павлодар, Батыш Казакстан, Чыгыш Казакстан, Акмоло, Костанай облустарында карантин чаралары күчөтүлдү.

Казакстанда кинотеатрлар март айынан ортосунан бери жабык турат. 19-октябрда маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова пандемия башталгандан бери киноиндустрия 20 миллиард теңге чыгымга учураганын билдирген.

Комиссия отурумунда 25-октябрдан тартып “жашыл аймактарда” соода борборлору жана жабык базарлар да иштей турганы айтылды.

26-октябрдан баштап Казакстан чет элдик аба каттамдарынын санын азайтат. Чет өлкөдөн Казакстанга келген бардык жүргүнчүлөрдөн, айдоочулардан ПЧР-тест алынат.

Өлкөдө бала бакчалар, бильярд, компьютер клубдары, түнкү клубдар, банкет залдары, оюн-зоок борборлору жабык бойдон калат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: