Menu

Депутат президенттикке талапкерлердин шайлоо фондунун көлөмүн 200 миллиондон 100 миллионго чейин азайтууну сунуштайт

Бөлүшүү:

Депутат Дастан Бекешев президенттикке талапкерлердин шайлоо фондунун көлөмүн азайтууну сунуштайт. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Депутаттын айтымында, шайлоо фонддорунун көлөмү партиялар үчүн дагы, президенттикке талапкерлер үчүн дагы төмөндөтүлүшү керек: партиялар үчүн 300 миллиондон 50 миллионго чейин, ал эми президенттикке талапкерлер үчүн 200 миллиондон 100 миллион сомго чейин.

“Мен ошондой эле босого чек 3%га, региондук босого 0,7% дан 0,3% га төмөндөшүн каалайм. Ошондой эле шайлоого катышкан чиновниктер кызматтан кетиши керек деп ойлойм”, – деди Дастан Бекешев.

Ал №2 форма боюнча каттоону толугу менен жокко чыгаруунун кажети жоктугун, бирок мыйзамда шайлоо дарегин бир жолу гана өзгөртүүгө болот деп белгилөө керектигин кошумчалады. Добуш берүү күнүнө 30 күн калганда №2 форма боюнча арыз берүүгө тыюу салынышы керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: