Menu

Фиджи аралында кытай жана тайвань дипломаттары мушташты

Бөлүшүү:

Тынч океанындагы Фиджи аралында Тайвань улуттук майрамын белгилөө маалында кытай дипломаттары менен тайвань мамлекеттик кызматкерлеринин арасында мушташ чыкты. Бул тууралуу Тайвань Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

«Тышкы иштер министрлиги мыйзамдарын үстөмдүгүн бузган Кытай элчилигинин кызматкерлерин айыптайт», – деп маалымдады министрликтин басма сөз катчысы Жоан Оу.

Окуя 8-октябрь күнү кечинде Тайвань өкүлчүлүгүнүн кеңсесинде уюштурулган кече учурунда болгон.

Эки кытай дипломаты жергиликтүү саясатчылар катышкан жыйынды сүрөткө тартууга аракет жасашкан. Фиджи полициясы дипломаттарды кечеден кетүүгө чакырган. Анын арты уруш менен коштолгон. Бир адам жаракат алган, ал ооруканага жеткирилген.

Фиджидеги Кытай элчилиги бул боюнча комментарий бере элек.

Тайвань Кытайдан 1949-жылы жарандык согуштан кийин бөлүнүп чыккан. Бирок дүйнөдөгү 15 өлкө гана анын көз карандысыздыгын тааныган. Тайвань Тынч океандагы төрт мамлекет менен расмий түрдө кызматташат.

Бээжин Тайванды эл аралык коомчулуктан обочо кармоо үчүн башка өлкөлөргө кысым көрсөтүүнү улантып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: