Menu

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 28 өрт кырсыгы катталды

Бөлүшүү:

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 28 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 5 өрт, Чүй облусунда – 12, Ош жана Жалал-Абад облустарында – 3төн, Ысык-Көл жана Нарын облустарында – 2ден, Талас облусунда – 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда 35 чарчы метр аянттагы куураган чөп жана таштандылар күйүп кеткен.

Шабдан Баатыр көчөсүндө батирдин ашканасында өрт чыккан.

Ошондой эле, Байтик Баатыр жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде куураган чөп күйүп кеткен. Күйүү аянты 500 чарчы метрди түзгөн.

Ал эми, Кулиев көчөсүндөгү мейманканада бир бөлмө жана эмеректер күйүп кеткен.

Аламүдүн районунун Бирдик айылында көрүстөндүн жанында куураган чөп жана бак-дарактар ​​күйүп кеткен. Күйүү аянты 1 гектарды түзгөн.

Ленин айылында  ​​1 гектар аянтта бактар күйүп кеткен.

Маевка айылында бир үйдүн короосунда 200 түк чөп жана 10 куб отун күйүп кеткен.

Дачный айылында 1,5 гектар ачык аянтта куураган чөп күйгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: