Милициянын кайгуул кызматкерлери аялын урган кылмышка шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 20-октября Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 18-октябрда болжол менен саат 05:15 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Ала-Тоо жаңы конушунда жолдошум уруп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1996-жылы туулган Ж.Ж аттуу аял арыз менен кайрылган.
Анда өзүнүн жолдошу уруп денесине залакат жеткирип, жолдошуна карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыка шектүү катары 1996-жылы туулган К.М атуу арыз ээсинин жолдошу кармалып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилгин.
Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып,Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 139-беренесинин (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ