Ала-Бука районунда алтын-кен ишканасынын имаратынан чыккан өрттүн келтирилген материалдык чыгымы такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда кечээ, 19-октябрь күнү саат 10:15 чамасында Иштамберди тилкесинде жайгашкан ЖЧК “Фулл Голд Майнинг Компани” алтын-кен ишканасынын имаратынан өрт чыккан.
Кырсыктан жабыркагандар жок.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнен 2 өрт өчүрүү бөлүмү, алтын-кен ишканасынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч жана 1 самосвал тартылып, өрт саат 12:29да чектөөгө алынып, 20-октябрь күнү түнкү саат 01:35те толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен имараттын 2000 чарчы метр аянты күйгөн.
Учурда келтирилген материалдык чыгымы такталууда.
https://www.facebook.com/mes.gov.kg/videos/372904420756012/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ