Menu

Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеев кол алдындагыларга чуулгандуу кылмыш иштерин иликтөөгө үндөдү

Бөлүшүү:

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын борбордук кеңсесинде төрага Сыймык Жапыкеевдин жетекчилиги астында ыкчам-иликтөө штабынын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Финполициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жыйында каржы полициясынын коррупцияга каршы күрөшүү, экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мындан аркы тактикасынын маселелери, ошондой эле резонанс жараткан кылмыш иштери боюнча этап-этабы менен иш-аракеттердин пландары талкууланды.

Каржы полициясынын жаңы башчысы ведомствонун бардык аймактык бөлүмдөрүнүн ишин күчөтүү, “өлкөнүн экономикалык коопсуздугунун деңгээлин чыңдоо боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ак ниет ишкердиктин ишенимдүү корголушун камсыз кылуу” тапшырмасын берди.

“Каржы полициясынын ишинин артыкчылыгында майда иштер эмес, мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген жогорку кызмат адамдарына жана ак ниетсиз ишкерлерге каршы козголгон ири масштабдуу, чуулгандуу иштер  болуш керек” – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер жөнүндө маалымат келип түшсө, аларга карата эң катаал чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: