Menu

Райымбек Матраимов кармалып, УКМКга жеткирилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-октябрда республиканын бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында,  ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалып, УКМКнын имаратына жеткирилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

“Бажы кызматынын тутумунда 2016-жылдын башынан ушул күнгө чейин, төраганын мурунку орун басары Р.Матраимов, Бажы кызматынын башка кызмат адамдары жана сырткы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн тараптар тарабынан көмүскө киреше табуу максатында коррупциялык схема түзүлгөндүгү аныкталды. Мындан улам мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген” – деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын көлөмү жана кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдардын чөйрөсү аныкталууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: