Menu

Садыр Жапаров, президенттин милдетин аткаруучу: “Менин уулума телефон чалышып, кызмат үчүн 300 миң доллар сунуштап жатышат”

Бөлүшүү:

Мамлекеттик кызматтарга, министрликтерге, кирешелүү кызматтарга дайындоолордун бардыгы 30 жыл аралыгында акча менен жасалган. Ар бир кызматтын өз ставкасы бар” – деп кечээ, 19-октябрда билдирди президенттин милдетин аткарууучу, премьер-министр Садыр Жапаров Al Jazerra English телеканалында эфирге чыккан “Разговор с…” программасындагы маектешүүдө.

“Алар буга көнүп калышкан. Мен кызматта турганыма 10 күн да боло элек, бирок буга чейин менин туугандарыма, мисалы, , менин уулума телефон чалышып кызмат үчүн 300 миң доллар, кандайдыр бир кызматка коюу үчүн 50 миң доллар сунушташты. Биз ушул аракеттердин бардыгын токтотуп, ачык-айкын мамлекетке айланууну каалайбыз. Көптөгөн адамдар кайрадан кызмат ордун сатып алабыз деп ойлой жатышат. Мындай көрүнүш эч качан кайталанбайт” – деди Жапаров.

“Менин чыкканыма эки күн болду. Бул убакыт аралыгында мен бардык коррупциялык схемаларды иликтедим – алар ишкерлер жана министрликтер менен биргеликте бюджеттин акчасын тоногон Ак үйдөгү чиновниктерге алып барат. Мен бул схемалар менен толук таанышмын. Азыр мен министрликтердеги ушул схемалардын бардыгын жок кылып жатам. Натыйжасын бир-эки айдан кийин көрө аласыздар. Биз муну сөз менен эмес, иш жүзүндө далилдейбиз” – деп билдирди Садыр Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: