Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров криминал менен байланышы бар деген маалыматты четке какты.
“Криминалдар мени колдойт деп жатышат. Бул менин оппоненттеримдин кара пиары”, – деп кечээ, 19-октябрда билдирди Садыр Жапаров Al Jazerra English телеканалында эфирге чыккан “Разговор с…” программасындагы маектешүүдө.
«Алар ушактарды таркатышат, адамдардын пикирин жаман жакка бургулары келишет. Бул жөн гана сөздөр. Менин кылмыштуулукка эч кандай тиешем жок. Тескерисинче, мен мамлекеттин кылмыштуулугунан арылтам, өлкөнү таза жана өнүккөн өлкөгө айлантуу үчүн болгон күчүмдү жумшайм», – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ