Menu

АКШ орус өндүрүшүнөн чыккан 45 «Авента-М» аппаратын жок кылды

Бөлүшүү:

АКШ апрелдин башында Орусия жөнөткөн «Авента-М» жасалма дем алдыруучу 45 аппаратты жок кылды. Бул тууралуу BuzzFeed басылмасы АКШнын Өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салуу боюнча федералдык агенттигинин (FEMA) өкүлчүлүгүнө шилтеме кылып билдирди.

Жабдуулар качан жок кылынганы белгисиз. Май айында АКШда айрым штаттардын бийлик органдары Орусия берген «Авента-М» үлгүсүндөгү жасалма дем алдыруучу аппараттарды колдонуудан баш тартышкан. Кийинчерээк Орусиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында коронавирус жугузгандар дарыланып жаткан эки ооруканада өрт чыгып, алты адам көз жумган. Өрт «Авента-М» аппаратынын айынан башталганы кабарланган. Бул окуялардан кийин АКШ жабдууларды кайра Орусияга кайтарып бере баштаган. Бирок коронавирус инфекциясы боюнча абал оорлошуп кетиши ыктымал экенин эске алуу менен Нью-Йорк жана Нью-Жерсиде бир нече аппаратты сактап коюшкан.

Орусия гуманитардык жардам катары АКШга коронавирус менен ооругандар үчүн бир учак толо дары-дармек, медициналык жабдуу жөнөткөнүн билдирген. Вашингтон көп өтпөй Москвадан жардам алганын четке каккан жана ал дары-дармек менен жабдуунун теңинен көбүн сатып алганын айткан.

«Авента-М» аппараттарын «Ростех» мамлекеттик ишканасынын Уралдагы заводу жасайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: