Menu

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Премьер-министр Садыр Жапаровду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Евразия эконимикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоо тексти төмөндөгүдөй:

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич!
Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңыз менен куттуктайм.

Премьер-министрлик ишмердүүлүгүңүз интеграциялык процесстердин туруктуу динамикасын камсыз кылууга жана Евразия экономикалык бирлигине кирген мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенем.
Евразия экономикалык комиссиясы өз кезегинде өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү аракеттериңизге жардам берет.
Сизге жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн жасап жаткан ишиңиздерге ийгилик  каалайм.

Михаил Мясникович»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: