Алмазбек Атамбаев кылмыш жасаган, ошондуктан ал абакта жатат. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров Al Jazerra English телеканалында билдирди.
– Сиздин тарапташтарыңыз түрмөдөн бошотуп чыгышты, премьер-министр болуп калдыңыз, ал эми экс-президент Атамбаевди дагы тарапташтары бошотуп, бирок ал дагы түрмөдө жатат дегенге кандай комментарий бересиз? Көп адамдар бул жерде карама-каршылыкты көрүшөт.
– Саясий куугунтуктун айынан түрмөдө отурганымды калктын 100% билишет. Менин кылмыш ишимде эч нерсе жок. Мен чет жакта жүргөндө, алар мага ушул жерде, Караколдо, губернатор менен Жети-Өгүздүн тургундарынын ортосунда болгон ишти тиркешти. Мен чет өлкөдө болчумун, бирок ал мага илинген. 2017-жылы кайтып келгенде, Атамбаев мени уюштуруучу катары түрмөгө отургузду.
Атамбаев чындыгында кылмыш жасаган. Ал кримавторитет Батукаевди мыйзамсыз бошотуп, ал үчүн соттолгон. Кой-Таштагы окуялар боюнча ал аскер кызматкерин аткан. Бул үчүн ал кармалган. Кечээ ал абалды туруксуздаштырып, бийликти күч менен басып алууга аракет кылып, ал үчүн камакка алынган. Менин күнөөм жок, муну соттор жана прокурорлор билишет. Ошондуктан соттор мени бир күндө актап, менин колума чечим чыгарышты, – деди Жапаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ