Абхазия менен Орусиянын чек арасынан өтө албай турган жүздөгөн өзбекстандык мигрант көчөдө түнөөгө аргасыз болушууда. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары Абхазиядагы мигранттарга шилтеме кылып кабарлашты.
Мигранттардын айтымында, бүгүнкү күндө Абхазияда 2 миңге жакын өзбекстандык жаран бар. Алар коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып калгандыктан, мекенине кете албай жатышат.
«Биз өкмөттөн бекер алып кеткиле деп суранбайбыз. Бизде чартердик каттамдарга акча бар. Эң башкысы азыр Абхазиядан Орусиянын аймагына өтүп алышыбыз керек», — деди мигранттардын бири.
Буга чейин Абхазиядагы өзбек жарандары Өзбекстандын Ростов жана Москва шаарларындагы элчиликтерине кайрылышкан. Бирок дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн эч кандай жооп болгон эмес.
28-сентябрда мигранттар Өзбекстандын бийлигине кайрылып, транзиттик жол уюштуруп берүүнү өтүнүшкөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ