Menu

Президенттин м.а. Садыр Жапаров: Кыргызстан мурдагыдай эле Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздук мамилелерди чыңдоого жана кеңейтүүгө чоң маани берет

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасы мурдагыдай эле Россия Федерациясы менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздук мамилелерди чыңдоого жана кеңейтүүгө чоң маани берет. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушууда билдиргенин бүгүн, 21-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Өлкөдөгү ички саясий абал турукташты. Буга катар бийликтин бардык бутактарынын жана мамлекеттик аппараттын өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын калыбына келтирүүгө, анын ичинде коронавирустук инфекция пандемиясынын ыктымалдыгы болжолдонуп жаткан экинчи толкунуна даярдык көрүүгө багытталган иши активдешти. Мында Россия Федерациясынын Кыргызстандагы ички саясий абалдын турукташуусундагы, анын катарында Россия Президентинин атайын өкүлү Дмитрий Козактын өзгөчө ролун белгилеп кетким келет. Мурдагыдай эле Россия биздин өлкөнүн ишенимдүү стратегялык өнөктөшү болуп келген жана ал боюнча кала берет. Убакыттан пайдалануу менен россиялык тарапка өлкө үчүн коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу кыйын кырдаалда колдоо көрсөтүүсү, анын ичинде Кыргызстанга гуманитардык көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет», – деди Садыр Жапаров.

Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы өзгөчө тыгыз жана жылуу мамиледе. Россия тарап өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкка жана Кыргызстанда тил саясатын улантууга кызыкдар. Кыргыз Республикасында бир катар олуттуу программалар ишке ашырылууда. Маанилүү элементтердин бири катары Россиянын кошумча инвестицияларын тартуу, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыкка басым жасоо болуп саналат. Россия Федерациясы салык тутумун модернизациялоого жана товарларга байкоо жүргүзүүчү маркировкалоо тутумун ишке киргизүүгө көмөктөшүүгө даяр», – деп белгиледи элчи.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, орус тили расмий тил боюнча калат жана анын макамын өзгөртүү боюнча ой жок экенин белгилеп, буга байланыштуу ал Кыргызстандын айылдарында жашаган жарандарга сабак берүү үчүн орус тили мугалимдеринин санын көбөйтүү өтүнүчүн билдирди.

Тараптар Кыргыз Республикасына финансылык көмөк берүү, өлкөлөр ортосундагы үзгүлтүксүз каттамдарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгү маселесин жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды талкуулады. Маалымдалгандай, Өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россия комиссиясынын мындан аркы ишин Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков алып барат. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-россиялык кызматташтыгынын күн тартибинде турган актуалдуу маселелерди чечүү үчүн активдүү диалогду улантууга даярдыгын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: