Бүгүн, 21-октябрда “Алар-Арча” мамлекеттик резиденциясында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети Өткүрбек Жамшитовдун башкы прокурорду кызматтан алуу жөнүндө арызын карады.
Аталган комитеттин төрагасы Канат Керезбековдун айтымында, 19-октябрда Жамшитов президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун атына кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.
Комитет Өткүрбек Жамшитовдун арызын карап, аны жактырды. Эми бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.
Белгилей кетсек, генпрокурордун кызмат ордуна Курманкул Зулушев сунушталып жатканы белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ