Menu

АШАны кайсы жакшылыгы үчүн түрмөдөн бошотуу керек?

Бөлүшүү:

Россиянын “Справедливая Россия” деген партиясы жана анын Мамлекеттик Думадагы ушул аталыштагы фракциясы Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго “Алмазбек Атамбаевди жана анын соратниктерин саясый куугунтуктоолорду токтотуу жана аларды түрмөдөн бошотуу жөнүндө” кайрылуу жолдоду, анын мазмуну ЖМКларга жарыяланды.

Биринчиден, башка мамлекеттин башкаруу түзүмүндө турган саясый партиясынын (стратегиялык өнөктөш өлкөнүкү болсо да) көз карандысыз башка мамлекеттин ички ишине кийлигишип, акыл үйрөткөнгө эч кандай укугу жок. “Справедливая Россиянын” “саясый куугунтуктоолорду токтотуу, бошотуу” деген сөздөрү түздөн-түз ички иштерибизге кийлигишүү, мурдагы советтик империянын убагындагы “улуу аганын” позициясында акыл үйрөтүү болуп саналат. АШАнын инсан жана саясатчы катары ким экендигин, эмне кылгандыгын Маскөөдөгү дүжүр акыл үйрөткүчтөргө караганда биз, кыргызстандыктар жакшы билебиз.

Экинчиден, ондогон кыргызстандыктардын канын төккөн кримавторитет А.Батукаевдин эркиндигин бир нече миллион долларга сатып, өлкөбүздөн өзүнө окшогон саткын мамчиновниктердин ардактуу кароолунун коштоосунда менчик учак менен чыгарып жибергендиги үчүн 11,5 жылга эркинен ажыратылып, андан сырткары УКМКнын бир полковнигин атып өлтүрүп, алтоосун жарадар кылып, коррупциялык өңүттө 6 оор берене менен айыпталып жаткан адамды бошотуу жөнүндө талап коюу, бул – улуттук укук коргоо системабызды, сот адилеттигин ачыктан ачык шылдыңдап, маскаралоо экендиги шексиз. Бул “силерде А.Атамбаев баштагандарды айыптап, абакка жаткырганга кандай фактылар, негиздер болсо, ошолордун баары боло берсин, алар аздык кылса, башкаларын деле кошо бергиле, бирок алар бизди кымындай да кызыктырбайт. Силер үчүн биздин айтканыбыз, дегенибиз, каалообуз гана туура болушу керек” деген империялык менмесинген дымактын өзү. Эгерде аталган партиянын, анын Мамдумадагы фракциясынын жетекчилери биздин эгемендүүлүгүбүздү сыйлашса, АШАнын эмне үчүн камалгандыгына, ага кандай айыптар коюлуп жаткандыгына кызыгышмак. Тийиштүү документтер менен таанышкандан кийин, мүмкүн жогорудагы кайрылуусун жолдошмок эмес.

Эң кейиштүүсү, Россиянын айрым чиновниктери өздөрү кол койгон кайрылууну жараткан жагдайга да таптакыр кызыккылары келбегендигинде болууда. Алар кээде өздөрүнүн кол алдындагы кызматкерлерине ойлоруна келгендерди тапшырып койгондой эле, АШАнын эмне кылгандыгын билбей, билгилери келбей туруп жогорудагы кайрылууну жолдоп жиберишкен. Адресатты сыйлаган жогорку даражадагы мамчиновниктер эч качан негизсиз, такталбаган документке кол коюшпайт.

Биздин жекече пикирибизче, ага коюлган айыптар боюнча соттук териштирүүлөр аяктамайынча Алмаз Атамбаевди абактан чыгарганга болбойт. Айрымдар башка беренелерди бурмалап, жымсалдоого аракет кылышса да кримавторитет Азиз Батукаевдин Алмаз Атамбаевдин түздөн түз көрсөтмөсү менен абактан чыгарылып, Чеченстанга жөнөтүлгөндүгү эч ким тана алгыс факты. Аны АША өзү деле мойнуна алып, чечендер анын ордуна Жаныш Бакиевди алып келип беребиз деди эле деген. Анда Жаныш Бакиев кана? Ал жөн эле А.Батукаевдин эркиндигинин миллиондогон долларларга сатылгандыгын буйдамалап, элди алдоо үчүн ойдон чыгарылган шылтоо. Эгерде алмашкылары келсе, дүйнөлүк тажрыйбада салт болуп калгандай, экөөсүн маңдай-тескей отургузуп коюп анан алмаштырышпайбы.”Чечендер алып келип беребиз деди эле” деген аңкоосунган сөзгө ким ишенет? Ал эми чечендер берген долларлардын жарымы жасалма акчалар болуп чыккандыгын эмне менен түшүндүрүшөт?

Эгерде бир адамды атып өлтүрүп, алтоосун жарадар кылып, “мыйзамдагы ууруну” мыйзамсыз бошотуп жибергендиги үчүн 11, 5 жылга соттолуп, коррупциялык механизмдерди түзүп, мамлекетке ондогон миллион долларлык зыян келтиргендиги үчүн айыпталып жаткан адам түрмөдөн чыгарыла турган болсо, анда абактарда отургандардын бардыгын бошотуп, түрмөлөрдү жаап салуу керек. Анткени, анда отургандардын 95 пайызынын кылмыш иштери социалдык коркунучтуулугу жагынан Алмаз Атамбаевдин кылгандарынын ондон бирине да жакындабайт. Ал жерлерде отургандардын басымдуу көпчүлүгү бейбаштык кылгандыгы, мамлекеттик жана менчик мүлктөрдү уурдап, 5-10 миң сом пара алгандыгы, байкабай башкаларга залал келтиргендиги ж.б.д.у.с. үчүн эрктеринен ажыратылгандар.

АШАны бошотуу – укуктуулуктун, мыйзамдуулуктун жана сот адилеттүүлүгүнүн жана жалпы элдин бетине түкүргөндүк катары кабылданат. АША антисоциалдык типтеги, коом үчүн коркунучтуу адам. Ал чыгаары менен адатынча элди урууларга, аймактарга бөлүп жарып, саясый кутумдуктарды уюштуруп, саясый топторду бири-бирине кайраштырып, өлкөдөгү биримдүүлүктү жана акырындап калыбына келип бараткан саясый туруктуулукту, ынтымакты бузганга, ар кандай жолдор менен ар кимдерден өч алганга, кандай жолдор менен болбосун кайрадан бийликке келгенге аракеттенгенге өтөт. Кокус, айрымдар айтып жатышкандай, октябрдын биринчи жарымындагы тополоңдордо АШАнын акчасы аябай чоң роль ойногондугу чын болсо, ал башка маселе. Анда биз эмне дебейлик, эл кандай ойлобосун азыркылар анын алдындагы карыздарынан кутулуулары керек. Зонадагы эрежеге ылайык, карыздан кутулбагандар, убадасын аткарбагандар адам катары эсептелбейт. Жазасы да жаман болот. Бирок, АШАдай адамды актап, жактагандан эч ким абийир таппастыгын, анткендер дароо элге жек көрүндү болуп, эртең ал бумеранг болуп азыркы бийликтегилердин өз баштарына келип тийе тургандыгын да эстен чыгарбоо зарыл.

А.Белеков

Булак: “Майдан.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: