Menu

Азимбек Бекназаров президенттин милдетин аткаруучу С.Жапаровго: “Мурдагы “хандардын” жолунан тайып, жаңы, туура жолду тандаңыз!”

Бөлүшүү:

Урматтуу Садыр Нуркожоевич!

Көптөгөн угарман, окурмандардын, мекендештердин өтүнүчү боюнча сизге дагы кайрылууга туура келди:

1. Сиздин алдыңызда тезинен чечилүүгө муктаж бир нече маселе турат, анын эң башкысы – келечекти көздөй улуттун ынтымагы, мамлекеттин эгемендүүлүгү, көз карандысыздыгы үчүн туура максатты коюу, ага жетүү үчүн улуттук туура жолду тандоо, аларды турмушка ашыруу үчүн айныгыс улутчул, мекенчилдерден команда күтүү! Ушул маселеде батышчылдардын маалымат согушуна, алыскы жана жакынкы “туугандарды” карап кылчактабай, өз элибиздин үнүн угуп иш кылууга чакырам.

2. Кечиктирилгис жана талаш-тартышты жаратып жаткан эң башкы маселе, бул – Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүү: эл 4-октябрда эмне себептен аянтка чыкты эле? Алар таза, адилет шайлоо үчүн гана чыккан, Атамбаевди, Жапаровду ж.б. түрмөдөн чыгаруу же президент Жээнбековду кызматтан кетирүү башкы максат болгон эмес!Сизди эмне үчүн эл колдоп турат, анткени “Мекенчил” партиясы өзүнүн программасында: “азыркы шайлоо системасын өзгөртөбүз!”- дегени үчүн! Бүгүн ошол программаны толук ишке ашырууга реалдуу шарт түзүлүп турганда, “чимкирик” парламенттеги 6 партиянын кызыкчылыгы үчүн өзүңүз кылчактаганыңызга жол болсун! Ооба, азыркы күчүндө турган Конституция боюнча, сиз мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңешке шайлоо дайындай албайсыз, бирок мөөнөттүү жаңы тартиптеги жаңы шайлоо дайындай аласыз! Президенттин милдетин аткаруучуга андай конституциялык тыюу жок! Тыюу болбогон соң уруксат бар! Ансыз да тосмо менен күрөөнүн өлчөмүн мыйзам чегинде азайтып, иш жүзүндө сиздер жаңы шайлоого баратасыздар! Азыркы парламенттеги депутаттардын оюу боюнча шайлоо Кодексине тосмо менен күрөөнү гана төмөндөтүп, анан жаңы шайлоо эмес, кайрадан шайлоого баралы дегени, өздөрүнүн гана кызыкчылыгын коргоо экени түшүнүктүү. Элдин үнүн дагы деле укпагандык! Башкалар шайлоого катышпасын жана төмөнкү тосмо болсо өтпөй калгандарыбыз да келебиз деген арам ойлору! Эгерде сиздер парламент менен биригип, элдин укуктук караңгылагынан пайдаланып шайлоо системасын өзгөртпөй кайра шайлоого барсаңар, анда сиздер да мыйзам бузуу менен кайра шайлоого барган болосуңар. Себеби, кайра шайлоо принцибинде, шайлоо эч нерсени өзгөртпөй, мурда шайлоого катышкандардын арасында гана өтүп, партиялык тизме да, жаңы тосмо, күрөө да мыйзам менен өзгөртүлбөшү керек! Мурдагы шайлоого катышкандарга саясый партияларга гана кайрадан шанс берүү бул адилеттүүлүккө жатпайт. Элди сатып алууну, акчаны элге ачык таркатуу ушул партиялык тизмени шайлатуу кирген 2008-жылдан бери өсүп-өнүгүп, ошол шайлоого катышкан көпчүлүк партиялар чөнтөгүнө, алына жараша жүргүзүп келишет. Быйыл туу чокусуна жетти. Эгерде жаңы шайлоо өткөрсөңүз, жаңы шайлоодо жаңы партиялар катышат, тизмелер оңдолот. Демек, баары жаңыланып жаткан соң сиз шайлоо системасын күчүндө турган Конституциянын 2-беренесине ылайык, депутатты президент сыяктуу эле түз, тике шайлатууну камсыз кылууга милдеттүүсүз! Сиз Баш мыйзамдын 2-беренесинде бекитилген шайлоо принциптерине каршы келген Конституциянын өзгөчө бөлүмүндөгү 70-берене жана шайлоо Кодексиндеги жоболорду карабаңыз, алар президенттик үй- бүлөлүк башкарууну президенттик партиялар менен сактап жүрүүгө атайын киргизилген. Ошондуктан, Бакиевдин, Убактылуу Өкмөттүн, Атамбаевдин, Жээнбековдун мыйзамсыз жолунан тайып, тайсалдабай эл депутатын түз шайлоо укугун элдин өзүнө кайтарып берип, тарыхый иш жүргүзүүгө чакырам.

3. Башкаруунун түрү, бийликтин эл алдындагы отчеттуулугун камсыз кылуу (элдик курултай институту), кен байлыктарды коррупциялык схемалардан арылтып, элдин үлүшүн 51 пайыздан кем эместигин камсыз кылуу -жакында боло турган Жогорку Кеңешке же Президентикке болгон шайлоого ушул үч маселе боюнча үч суроону кошо койдуртуңуз! Жогорку Кеңеш ушул үч маселе боюнча референдум мыйзамын кабыл алып, шайлоо менен бирге чыгарсын. Мыйзам долбоорлору көп мезгилден бери парламентте жатат каралбай… Ким бийликке келсе тар чөйрөдө өзү каалагандай реформа жүргүзүүдөн кайтып, жок дегенде оболу элдин пикирин угуп, ошого жараша реформаларга барыңыз. Ошондо, сиз мурдагы “хандардан” жолунан тайып, жаңы, туура жолду тандап, алардан айрымаланасыз!

Урматым менен, Азимбек Бекназаров

Булак: “Майдан.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: