Menu

Президеттин м.а. Садыр Жапаров парламентке БШКнын төрайымын кызматтан бошотууну сунуштады

Бөлүшүү:

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров парламентке Борбордук шайлоо комиссиясынын төрт мүчөсүн чакыртып алууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрь күнү парламенттин отурумунда анын төрагасы Канат Исаев билдирди.

“Президенттин милдетин аткаруучудан президенттин квотасы менен дайындалган төрайым Нуржан Шайлдабекова менен кошо БШКнын төрт мүчөсүн бошотуу жөнүндө кат келип түштү” – деп билдирди төрага.

“Президенттин БШКнын мүчөлөрүн мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу боюнча сунуш ЖКга келип түшсө, парламенттин профилдик комитети 10 күндүн ичинде бирок, 7 күндөн эрте эмес убакытта сунушту карап чыгыш керек. Комитет карасын, андан кийин палатадан карайбыз. Мен кол коюп, комитеттин төрагасына жөнөттүм” – деди Исаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: