Menu

Максат Мамытканов: “Матраимдин схемалары жасалма дагы, ойдон чыгарылган дагы эмес”

Бөлүшүү:

УКМК кызматкерлери үчүн коюлган тапшырма аткарылды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Максат Мамытканов Райым Матраимовдун кармалышына байланыштуу онлайн брифинг учурунда билдирди.

“Кармоо ишенимсиздикти жаратууда. Уюштурулган спектакль окшойт деп жатышат. УКМКнын маңдайындагы май куюучу жайдан бир нече адам бир адамды кармады. Кармагандардын бири Дастан Жумабековдун тууганы деп таанылды. Сиз буга кандай карайсыз?”, – деп журналисттер ага суроону узатты.

Ал адамдын кармалгандыгы ачык эле көрүнүп турат. Ал келди, ага карата ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат, деди вице-премьер-министр.

«Суроо башка – ал кандайча иликтенет жана кандай масштабга жетет. Болгон иштер, белгилүү бир этапта токтоп калган. Азыр мунун баары калыбына келтирилип жатат.

Албетте, мындан аркы иштер жүргүзүлөт. Акырына жетүү милдетин койгонбуз. Матраимдин схемалары жасалма дагы, ойдон чыгарылган дагы эмес.

Эми укук коргоо органдары коомчулукка жана журналисттерге жооп бериши керек.

Белгилүү бир убакыттан кийин баардыгы ишенимдүү жана толук маалымат алышы керек», – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: