Menu

Базар-Коргондо өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө

Бөлүшүү:

Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, район аймагындагы 10 орто мектепте чакан форматтагы ата-энелер менен жолугушуулар өткөрүлүп, өспүрүмдөрдүн терс жолдорго барууларынын себептери талкууланган.

Жашы жете электер тарабынан укук бузуучулуктун жана бөөдө кырсыктардын алдын алуу үчүн ар бир ата-эне өз балдарын көзөмөлгө алуу керектиги айтылган.

Ошондой эле, мектеп окуучуларынын түнкү убакыттарда көчөгө себепсиз чыгууларын болтурбоо зарылдыгы жеткирилген.

Алардын азыркы шартта онлайн окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо жана сабактарга активдүү катыштыруу учурдун талабы экендиги белгиленген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: