Menu

Чүй облусунда дин өкүлдөрү жана ИИОнун кызматкерлери алдын алуу иштерин улантышууну талкуулашты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-окрябрда Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана Чүй облусунун казысы тарабынан алдын алуу жумуштарды биргеликте аткаруу максатында көчмө жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара Аламүдүн районундагы мечиттердин биринде болуп ага Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов жана райондук имам хатибдер ошондой эле Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жетекчиси милициянын подполковниги У.Жаныбек уулу жана аталган кызматтын өкүлдөрү катышышты.

Жолугушууда бир катар маселелер талкууланып, Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов учурдагы коронавирус  инфекциясына байланыштуу аралыкты сактоо жана коргонуу каражаттарды колдонуп, жугуштуу оорууну алдын алуудагы талаптарды так сактоого чакырып, мындай талаптар Чүй облусундагы баардык мечиттерде жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Ошол эле жолугушууда Чүй облусунун ИИББдүн ЭММКАК жетекчиси У.Жаныбек уулу  иш-чаранын катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, милиция кызматкерлери эл арасында кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана тартип бузууларды алдын алуудагы өз милдеттерин аткараарын айтып, милиция кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар жана айыл аксакалдары, имамдар менен биргеликте кызматташууну буга чейин жүргүзүшүп келишсе, мындан ары тыгыз кызматташтыкта иш алып барышып жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү зарылдыгы кошумчаланды. Жер-жерлерде жашоочуларды ынтымакка, биримдикке чакырууда, жамандык жолдон кайтарып жакшылыкка чакырууда мечиттердин имамдарынын ролу чоң экенин белгилеп, биргеликте алдын алуу жумуштарын жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: