Menu

Камчыбек Ташиев УКМКнын ишин жөндөп кете алабы?

Бөлүшүү:

Бекболот Талгарбеков, экс-министр:

“Коррупцияга каршы чыныгы күрөш жүрөөрүнөн шек санабайм”

– Камчыбек Ташиевдин криминалдар менен коррупционерлерге жарыялаган күрөшүнөн майнап чыгабы?

– Камчыбек Ташиевдин чоң саясатта жүргөнүнө он беш жыл болду. Депутат, министр, парламентте фракция жетекчиси катары өзүн көрсөтө алды. Жетекчилик мыкты сапаттары бар. Анык профессионал, койгон максаттарын турмушка ийгиликтүү ишке ашыра алат. Мен шакиртимдин саясатта тазалыгы менен өзгөчө сыймыктанам. Эмгек жолунда элдин, мамлекеттин чөнтөгүнө эч кол салбады. Казынадан бир сом уурдабады, бир кирпич же бир сотка жер менчиктештирип албады. Ошол себептен, биздин терең коррупцияга баткан өлкөбүздө Камчыбектин улуттук коопсуздук кызматын жетектеши эң туура болду. Учурда ал Садыр Жапаров экөө зор иштерди баштап, улуу максаттарды коюп жатышат. “Баары ойдогудай болот”- деп айтуудан алысмын. Кыйынчылыктар жетиштүү. Бирок, коррупцияга каршы чыныгы күрөш жүрөөрүнө, анын деңгээли бир топ ылдыйлаарынан шек санабайм. Таза жана эрки күчтүү инсандар гана коррупция жана криминалга каршы күрөшүүдө жеңишке жетише алышат.

Жусупжан Жээнбеков, коомдук ишмер:

“Эң башкысы – Камчыбек Ташиев мамлекетибиздин патриоту”

– Жусупжан агай, коомчулукта Камчыбек Ташиевдин Улуттук коопсуздук кызматына жетекчи болуп дайындалганын бири колдосо, бири сындап жатат. Ал ишенимди актай алабы?

-Камчыбек Ташиев Кыргызстандын ысык-суугуна чыдаган жана мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнө алдыңкылардан болуп, өз салымын кошуп жүргөн жарандарыбыздын бири! Эң башкысы мамлекетибиздин патриоту! Менин оюмча Камчыбек иним ишенип берилген кызматын өтөөсүнө чыгат. Чоң ишеним менен берилген кызматтын ажарын ачат деген ниеттемин! Көбүн эсе сырттан баш баккан жана каржыланган эл бузарларга чукул көңүлүн бурса керек деп ойлойм.

– Берген убадаларынын өтөөсүнө чыгып, коррупционерлер менен криминалга каршы күрөшкөнгө күчү жетеби?

– Камчыбек иним эл ишенимин актоо үчүн коррупция менен күрөштү күчөтүп, криминал менен аёсуз күрөшөт. Ошондой эле элдин канын соргон коррупциянын түпкүрүндөгү күрөө тамырын кыркышы керек. Камчыбек Ташиев үчүн алдыда өтө чоң сыноо турат. Жаңы жумушунда ийгилик колдосун, кажыбас кайрат, эрк тилеймин жана этият болуусун каалайм.

Самсаалы Четинбаев, коомдук ишмер:

“Убакыт берип, ишине ийгилик каалайлы”

– Самсаалы мырза, Камчыбек Ташиев Мамлекеттик Улуттук коопсуздук кызматына жетекчи болуп дайындалды. Жооптуу кызматты аркалаганы туура эле болдубу?

– Туура же туура эмес деп айтыш али эрте. Убакыт берип, ишине ийгилик каалайлы. Кызматына киришип жатып, журналисттерге берген жооптору жакты. Эл үчүн, мамлекет үчүн иштейм деген ниети билинип турат. Баягы атың ачкүр ковид менен ооруп айыкканда айткан сөзү да эсимде. Негизи кайсыл жерде болбосун адам аракеттенсе эле жыйынтык чыгат. Азырынча сын айткандан оолак болуп, убакыт бергенибиз оң болоор.

– Камчыбек Ташиев коррупция жана криминал менен курөшө алабы?

– Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министри болуп жакшы иштегени көп эле жерде айтылып жүрөт. Андан бери да башынан далай нерсе өттү. Криминал жана коррупционерлер менен күрөшө алат деп ойлойм.

Турсунбек Акун, шайлоо боюнча мониторинг борборунун жетекчиси:

“Камчыбек Ташиев элдин ишенимине ээ болгон өжөр, баштаган ишин аягына чыгарган таза адам”

– Турсунбек мырза, коомчулукта Камчыбек Ташиевдин УКМКны жетектегени боюнча түрдүү кептер айтылып жатат. Анын ошол кызматты аркалаганга 6асып өткөн жолу, кылган кызматы жол береби?

– Камчыбек мырза, биринчи күндөн баштап, Садырдын жанында болуп, достук милдетин аткарды. Досчулуктун мыкты үлгүсүн көрсөттү. Негизи Камчыбек Ташиев УКМКны жетектегени туура эле болду. Досуна жардам бериш үчүн да ошондой жооптуу кызматты аркалашы керек эле. Анын генералдык чини бар. Өзгөчө кырдаалдар министри болуп да жакшы иштеген. ӨКМ деле кандайдыр бир деңгээлде аскердик уюм болуп эсептелет. Камчыбек Ташиев өзү да патриот. Ош окуясында патриоттуулугун даана көрсөткөн адам. Элдин таламын талашкан, элдин ишенимине ээ болгон өжөр, баштаган ишин аягына чыгарган, “ичти, жеди” деген сөз ээрчибеген, күрөшчүл таза адам. Эми шашып кетпей ар бир сөзүн ойлонуп сүйлөп, токтоо болуп, бардык маселеге салмактуу чечим чыгарса, сөзсүз түрдө иштеп кетет. Ишинен да оң жыйынтык чыгарат. Мен бул дайындоону колдойм. Камчыбек Ташиевди туура эле дайындоо болду деп эсептейм. Ал тургай Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде Ташиевдин мезгилинде коррупцияга каршы чыныгы күрөш, тазалануу болгон, коррупционерлердин бетин ачкан деген жакшы сөздү калтырып кетет деген үмүтүм бар.

– Коррупционерлерди эселеп кустура алабы?

– Чынында коррупция менен күрөшүш өтө татаал. Оор процесс. Бирок, акчаларды уурдап коомго, мамлекетке зыян келтирген чиновниктерди катуу жазалап, алардан кустуруу же болбосо өндүрсө, мамлекет үчүн чоң иш кылган болот эле. Эми Садыр Жапаровдун командасындагы эң жакын жана ишенимдүү адамы болгон Камчыбек Ташиев айткан сөздөрүн, берген убадаларын аткарбаганга акысы жок. Анткени, убадаларды эл алдында берди.

Бейшенбек Абдырасаков, экс-депутат:

“Камчыбек Ташиев коррупционерлерди кустуруп, кытайдын карызын төлөтсө, кыргыздын тарыхында Исхак Раззаковдой болуп калат!”

– Бейшенбек мырза, Камчыбек Ташиев Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына туура эле дайындалдыбы?

– Камчыбек Ташиев аталган кызматка туура эле дайындалды. Баары бир бирөө келип баарын тазалаш керек эле. 30 жылдан бери баары аралашып кетти. Коррупционерлер, каралар, бийлик баары аралашып кетти! Мамлекет- мамлекет болбой эле бандиттик ОПГ болуп калды.

– Эми берген убадаларын аткарып, криминалдар менен күрөштү күчөтүп, коррупционерлерди кустура алабы?

– Берген убадасын аткарбаганга укугу жок. Эл ошону талап кылып жатат. Өтө оор кырдаалда келип, жоопкерчиликти мойнуна алды. Тарыхтын, элдин, мыйзамдын астында өзүнүн миссиясын так аткарыш керек! Шайлоо астында лозунгу ушундай болчу. Эми жагдай жакшы шарт түзүп берди. Туура, так аткарып, коррупционерлерди кустуруп, Кытайдын карызын төлөтсө, Кыргыздын тарыхында Исхак Раззаковдой болуп калат! Аткаралбаса баягылардын бири болот. Тарых, убакыт көрсөтөт.

– Сыймык Жапыкеев Финполицияга жетекчи болду. Эми 10 олигархты кустуруп, Кытайдын карызын төлөтүп коём деген убадасын аткара алабы?

– Сыймыктын колуна эми бийлик тийди. Эми убадасын аткарышы керек. Аткарбаганга айласы жок. Эл талап кылып жатат. Аткарбаса тигилердей эле болуп өзү да аралашып кетти деп жаман атты болуп калат.

– Мамлекеттин карызын фонд ачып төлөйлү дегендерди колдойсузбу?

– Фонд ачып төлөсө болот, бирок тыштан алган каражатты жөнөкөй эл жеген жок да. Ошондон улам 30 жыл бийликте жүргөн коррупционерлерге төлөтүш керек. Акаев 3 млрд, Бакиев 5 млрд, Атамбаев 5 млрд, Жеенбеков 5 млрд, Райым миллион 5 млрд төлөшү керек. Ушулардын жанында чогуу жүрүп, жегендер да төлөшү керек. Кыргызстандын 70 жыл чогулткан байлыгын 70 киши 7 күндө бөлүп алып, 90 пайыз элди жакыр кылып коюшкан. Ошолорго иш козгоп кустурсак эле Малайзиядай күчтүү мамлекет болобуз.

Айкөкүл Мырзабекова

Булак: “Майдан.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: